КЮРИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:04, 10 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЮ́РИЙ (лат. Curium), Сm – элементтердин мезгилдик системасынын 7-мезгилинин 10-ка­тарынын III тобундагы актиноиддерге кирүүчү жасалма жол м-н алынган радиоактивдүү химиялык элемент. Атомдук номери 96, атомдук массасы 247. Кюрийдин массалык сандары 238Cm – 252Cm болгон 15 изотобу бел­гилүү, алардын ичинен бир кыйла туруктуусу 247Cm. Аны Т. Сиборг, А. Гиорсо, Р. Жеймс ж-а А. Морган ж. б. америкалык окумуштуулар плутоний­ди y – бөлүкчөлөр м-н бомбалоодон алышкан.
Пьер ж-а Мария Кюрилердин атынан аталган. Кюрий – күмүш түстүү жалтырак металл; эрүү t 1340оС; кайноо t 2607оС; бирикмелеринде +2,+3, +4 ж-а +6 кычкылдануу даражаларын көрсөтөт. Кюрий суутек, кычкылтек ж-а галоген­дер м-н өз ара аракеттенип, гидриддерди, кыч­кылдарды, галогениддерди пайда кылат, Кюрий күчтүү калыбына келтиргич, активдүү металл. Космосту изилдөөдө, электр тогунун генератор­лорунун тетиктерин жасоодо колдонулат.