КЮРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:02, 10 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЮРИ́ Пьер (15. 5. 1859, Париж – 19. 4. 1906, ошол эле жер) – француз физик. Франция ИАнын мүчөсү (1905), Нобель сыйлыгынын (1903) лауреаты. Париж университетин бүтүрүп (1877), анда ассистент болуп иштеген. 1882–1904-ж. Парижде физика, химия мугалими, Париж университетинде профессор (1904). Негизги эмгектери кристаллдын физикасы, маг­нетизм ж-а радиоактивдүүлүккө арналган. Бир тууганы Поль Жан Кюри м-н бирге пьезоэлектр кубулушун ачкан ж-а изилдеген (1880). Крис­таллдардын симметриясын (Кюри принциби)

ж-а жалпы эле физикадагы симметрия маселелерин (1894) изилдеген. Магнит­тик кубулуштарды изилдөө Кюриге парамагниттик заттар­дын магниттик кабылдоосу­нун абсолюттук температурага көз ка­рандылыгын (Кюри закону) аныктаган ж-а ферромаг­ниттик материалдар пара­магниттикке айлануучу

(Кюри чекити) өзгөчө температураны аныктоого мүмкүндүк түздү. 1898-жылдан аялы М. Скло­довская-Кюри м-н бирге радиоактивдүүлүктү изилдей баштаган. Алар полоний, радийди ачып, радийдин нурлануусунун татаал курамын ж-а бул нурдун таасиринен айнек м-н фор­фордун боёло тургандыгын аныктаган. 1903-ж. Кюри радий тузу өзүнөн өзү жылуулук чыгара тур­ганын ачып, радиоактивдүүлүктүн биологиялык таа­сирин да изилдеген.

Ад.: Кюри М. П. Кюри. М., 1968.