КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МЕДИЦИНА АКАДЕМИЯСЫ (КММА)
КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МЕДИЦИ́НА АКАДЕМИЯСЫ (КММА)ЦИНА АКАДЕМИЯ И. К. А х у н б а е в а т ы н д а г ы –республикада врачтарды даярдоочу ЖОЖ. 1939-ж. Фрунзе шаарында Кыргыз мамлекеттик медициина институту (КММИ) болуп уюшулган. Улуу Ата Мек. согуш жылдарында Харьков медицина институтуту көчүп келгенден кийин КММИнин кафедралары ж-а клиникалары
толук уюштурулуп бүткөн. 1943-ж. КММИни алгачкы 120 врач бүтүрүп чыккан. 1996-ж. академия болуп уюшулуп, КММА деп аталган. КММАнын окуу процессинде үзгүлтүксүз кесиптик орто, жогорку, кошумча ж-а ЖОЖ-дон кийинки кесиптик билим алуу м-н бирге илим изилдоо ж-а клиникалык иштер, ошондой эле фундаменталдык ж-а колдонмо илим изилдоо жүргүзүлөт. КММАнын курамында дарылоо, педиатрия, стоматология, чет элдик жарандарды окутуу, жогорку медсестра кызматы факультетттери ж-а фармация, коомдук саламаттык сактоо ж-а башкаруу институту, медицина окуу жайы бар. Мындан тышкары дипломдон кийинки билим берүү институту,

Медициналык ж-а биологиялык фундаменталдык маселелерди ИИИ ж-а Эл аралык кызматташтык борбору иштейт. КММА 65 жыл ичинде 30 000ден ашуун жогорку квалификациялуу медициналык адистерди, илимдин 49 докторун, 882 кандидатын даярдаган. КММИде ж-а КММАда ар кайсы мезгилдерде И. К. Ахунбаев, А. А. Айдаралиев, Ф. Н. Нургазиева, В. А. Исабаева, С. Б. Данияров, А. Мурзалиев, И. К Акылбеков, Д. А. Адамбеков директор, ректор болуп иштешкен. 2010-жылдан президенти – А.Зурдинов.