КУНЖУТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:12, 9 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУНЖУТ (Sesamum indicum L.) – кунжуттар тукумуна кирүүчү бир жылдык өсүмдүк. Кунжут эң байыркы майлуу өсүмдүктөрдүн бири. Азияда, Африкада жана Европанын кээ бир аймактарында кездешет. Кытайда, Египетте, Индияда, Аравияда, Ява аралдарында жана Палестина өлкөлөрүндө кеңири таралган. Борбордук Азияда негизинен Өзбекстанда, Тажикстанда жана Түркмөнстанда айдалат. Кунжут – бийиктиги 120–150 см, тик өскөн өсүмдүк. Тамыры 1 м тереңдикке чейин сүңгүйт, мөмөсү – сүйрү чанак. Чанагында 70–80 майда жалпак уругу бар. Уругунда 47–63% май, 19-25% белок жана 46–49% олеин, 8–9% пальметин, 4–5% стеарин, 0,4–1% арахин кислотаталары болот. Кунжуттун майы кондитер азыктарын жана маргарин жасоодо пайдаланылат. Кубанец 55, Краснодарец, Ташкент 122 деген сорттору бар. Кыргызстандын түштүк аймагында өстүрүлөт.