КУЛЧУНОВА-ПИНИГИНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:50, 9 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЛЧУНОВА-ПИНИ́ГИНА Мария Жумабаевна (1958-жылы туулган, Нарын облусу, Нарын шаары) – спортчу

(жеңил атлетика), олимпиялык оюндардын чемпиону, СССРдин эмгек сиңирген спортчусу. КМДТИни бүтүргөн (1980). СССРдин жаштар арасында биринчилигинде 200 м аралыкты 23 секда чуркап өтүп, рекорд койгон (1976), СССРдин 6-7-спартакиадаларында 400 м аралыкта чуркоодо 1-орунду жеңип алган. «Правда» гезитинин байгесине арналган бүткүл союздук жеңил атлетикалык кросстун Бишкекте өткөрүлгөн 13-финалында 1000 м аралыкты 2 мин 53,1 секда чуркап өтүп, биринчиликке жетишкен. СССРдин, Европанын, дүйнөнүн ири мелдештерине катышып, жак­шы ийгиликтерди жараткан. 1988-ж. Сеул ш­аарнда өткөн 24-олимпиялык оюндарга катышып, 4x400 м аралыкка эстафеталык чуркоодо бирин­чи орунду ээлеп, чемпион наамына ээ болгон. Учурда Якутск ш-нда жашайт. Жеңил атлетика боюнча Якутиянын башкы тренери.