КУМЕКОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:15, 9 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУМЕКОВ Болот Эшмухаметович [каз. Көмеков Болат Ешмұхамбетұлы, 05. 08. 1940, СССР, Казак ССРи, Жамбыл (азыркы Тараз) шаары] – тарых илимдеринин. доктору (1994), профессор (1996), Казакстан Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү (1995), академиги (2003). 1963-жылы Ташкент шаарындагы педагогикалык институтту бүтүргөн. 1963–1965-жылдары Асуан (Египет) шаарыннда котормочу, 1965–1974-жылдары Казак ССР ИАнын Тарых жана этнология институтунда аспирант, илимий кызматкер, 1974–1996-жылдары бөлүм башчы, 1997-жылдан Казак мамлекеттик юридикалык университетинде Казакстан тарыхы кафедрасынын башчысы. Араб, перс (фарсы), түрк тилдүү маалыматтар аркылуу Орто Азиянын орто кылымдардагы тарыхы, маданияты, булак таануу, тарых-география жана картографиясын изилдөөдө олуттуу салым кошкон. 450дөн ашуун илимий эмгектин (а. и. 15 монография) автору. Кыргыз элинин орто кылымдардагы тарыхы жана маданиятын изилдөөгө жана жайылтууга кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган (2002).

Эмг.: Государство кимаков IX–XI вв. по арабским источникам, А.-А., 1972; Арабские и персидские источники по истории кипчаков XI–XIII вв., А.-А., 1987; Арабские источники по истории кипчаков, куманов и кимаков VIII–XIII вв., СПб., 1994.