КӨЧӨТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:52, 6 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨЧӨТ – уруктан өндүрүлүп, кийин туруктуу жерге көчүрүлүп отургузулуучу жаш жашылча жана дарак өсүмдүктөр. Мөмө дарак көчөттү себилме өсүмдүккө кыйыштырылып алынат. Калемче да көчөткө кирет. Ачык аянтка отургузулуучу жашыл­ча көчөттөрү парник же жылытылмада өстүрүлөт. Бадыраң, томат ж. б. жашылча көчөттөрүнө электр кубаты менен кошумча жарык берилет. Мындай учурда өсүмдүк 7–15 күн эрте мөмө байлап, түшүмдүүлүгү жогорулайт (мисалы, бадыраңдыкы 15–20%ке, томаттыкы 20–30%ке). Эрте жети­лүүчү ак жана түстүү капуста, бадыраң, томат, баклажан, калемпир көчөттөрү карапа идишке өс­түрүлүп, аларды жабуу үчүн ар кандай плёнка­лар (полиэтилен, поливинилхлорид ж. б.) кол­донулат. Плёнка менен жабылуучу жайларда көчөт өстүрүүдө температуpaга, абанын нымдуулугуна өзгө­чө көңүл буруу керек. Өсүмдүктү көчөтүнөн өстүрүү анын ачык аянттагы вегетация мөөнөтүн кыс­картат; вегетация мезгили узак, баалуу сортто­гу өсүмдүктөрдү жайы кыска аймактарда өстү­рүүгө, эрте түшүм алууга ж. б. мүмкүндүк берет. Жакшы көчөт өстүрүү үчүн топурактын таза болу­шу, илдет менен зыянкечтерге каршы дары чачуу, имараттын жакшы желдетилиши, абанын өтө нымдуу болушу зарыл.