КУДАЯРОВ Дүйшө

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:44, 6 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУДАЯРОВ Дүйшө (26. 4. 1939-жылы туулган, Ош облусу, Кара-Суу району) – медицина илимдеринин доктору(1981), профессор (1984). КР УИАнын академиги (2000). КР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1992). КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери

(1995). КММИни бүтүргөн (1962). Кыргыз акушердик жана педиатрия ИИИде улук илимий кызматкер, бөлүм баш­чы, директордун орун ба­сары жана 1992–2004-ж. ди­ректору , 1988-жылдан КММИде кафедра башчысы болуп иштеген. 2007-жыл­дан КР УИАнын вице-пре­зиденти. Педиатрия боюнча адис. Көптөгөн эл аралык педиатрлар коому­нун жана ассоциацияларынын мүчөсү. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн педиатрлар ассоциациясынын 1-пре­зиденти (Түркияда шайланган). 220дан ашык илимий эмгеги, анын ичинде, 13 монографиясы, 36 окуу кура­лы жана методикалык колдонмо, 5 ойлоп табуу­су бар. III даражадагы «Манас», Элдердин дос­тугу ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Эмг.: Физиологические особенности крови новорож­денных детей. Ф., 1983; Принципы индивидуализации кортикостероидной терапии у детей. Ф., 1986; Гематологическая оценка адаптационных возмож­ностей организма человека. Б., 1993; Внутритробные инфекции у новорожденных детей (окуу курал). Б., 1995.