КСЕРОФИТТЕР
КСЕРОФИТТЕР (гр. х–гjs – кургак, phytjn – өсүмдүк) – кургакчыл, ным жетишсиз жерде өсүүчү, ысыкка чыдамдуу өсүмдүктөр. Ксерофиттер көбүнчө талаа, чөл, боздоңдо өсүп, кургакчылыкка өсүүгө ыңгайланышына жараша айырмаланат. С у к к у л е н т т е р (кактус, алоэ, агава ж. б.) ткандарына суу топтоп, кургакчыл мезгилде аларды акырындык менен үнөмдүү сарптайт. Г е м и к с е р о ф и т т е р (мисте, төө тикен ж. б.) – тамыры өтө терең кетип, нымды жер тереңинен алат. П о й к и л о к с е р о ф и т т е р – негизинен өзүнүн суу режимин жөнгө салалбаган жөнөкөй түзүлүштүү өсүмдүктөр (эңилчек, мамык чөп ж. б.). Суусуз калышса, анабиозго (тиричилиги өтө жай) өтүп, ным жетиштүү болгондо, кайра өсүүгө жөндөмдүү.