КРОКОДИЛДЕР
КРОКОДИЛДЕР (Сгосоdylia) – сууда жашоочу сойлоочулар түркүмү. Денеси кескелдирик сымал, узундугу 2–7 мге чейин, башы жалпагай, узун тумшуктуу. Көзү жана таноосу башынын үстүндө. Таноосу жана кулак тешиктери жапкак менен жабылган. Ооз көңдөйүндө экинчи таңдай өөрчүгөн. Куйругу узун жана бийик. Буттары кыска, күчтүү, сүзгүч жаргактары бар. Териси калың, мүйүз калкандар менен капталган, астында сөөк пластинкалар (остеодермалар) жайгашкан. Башка сойлоочулардан айырмаланып, крокодилдин жүрөгү төрт камералуу. Өпкөсү чоң, татаал түзүлүштө, табарсыгы жок. Клоакасы дайыма узунунан кеткен жылчык түрүндө, эркегинде жуп эмес жы-

ныс мүчөсү болот. Крокодилдин 3 тукуму бар: аллигаторлор, гавиалдар жана кадимки крокодилдер. Кадимки крокодилдин 3 уруусу, 15 түрү, анын ичинде, узундугу 7 мге жеткен нил крокодили белгилүү. Суунун көлгө жана деңизге куйган жеринде, Түшт\к-Чыгыш Азиянын деңиз жээктеринде, Малайя архипелагынын аралдарында, ошондой эле Түндөк Австралия жана Жаңы Гвинеяда узундуг 6 мге жеткен кыр жондуу крокодил кездешет. Крокодил тропик жана субтропиктин тузсуз көлмөлөрүндө таралган, кээ бири деңизге алыс сүзүп барат. Көбүнчө сууда болуп, түнкүсүн активдүү. Негизинен балыктар, суу омурткасыздары, ошондой эле куштар жана сүт эмүүчүлөр менен азыктанат. Нил жана кыр жондуу крокодилдер адам үчүн коркунучтуу. Крокодилдин ургаачылары тайыз жердеги кумга же саздагы чириндилер арасына 20–
100 катуу акиташ кабыктуу жумуртка тууйт. Көп түрү тукумуна кам көрөт. Крокодилдердин эти желет, териси үчүн (өзгөчө аллигаторлор) кармалып, саны кескин азайып, көп түрү жок болуп кетүү алдында турат. Кадимки кркокодилдердин 15 түрү ТКЭС-тин Кызыл китебинде катталган. Бир катар өлкөлөрдө (АКШ, Япония, Куба ж. б.) К. питомниктери бар.