КРИСТАЛЛДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:46, 6 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРИСТАЛЛДАР (гр. krestallos – муз) – атомдо­ру же молекулалары иреттүү, мезгилдүү крис­талл торчону түзгөн, табигый формасы туура көп грандыкка ээ катуу заттар. Тең салмактуу шартта өстүрүлгөн кристаллдардын атомдук түзүлүшү сим­метриялуу болгондуктан, анын тышкы форма­сы да симметриялуу, ошондой эле башка заттардан негизги айырмасы – ани-

зотропия касиетине ээ. Кристалл торчонун фор­масы боюнча кристаллдардын симмет­риясын жана сингония түрүн аныктоого болот. Кристалл – катуу нерселердин тең салмактуу абалы. Белгилүү температурада жана басымда кристалл аба­лындагы ар бир затка белгилүү атомдук струк­тура туура келет. Криисталлдын структурасы сырткы

Турмалин табигый кристаллдары.

шарт өзгөргөндө

өзгөрүшү мүмкүн. Көпчүлүк табигый жана техникалык катуу ма­териалдар поли­кристалл болуп эсептелет, алар баш аламан жай­гашкан көптөгөн майда кристалл данчаларынан (кристаллиттерден) турат. Мисалы, тоотек, техникалык ме­таллдар, металл куймалары. Ал эми түзүлүшү тийиштүү формадагы кристалл торчосундагы ай­рым заттын кристалы монокристалл деп аталат. Тех­никада жана илимий иштерде колдонулуучу түрдүү криисталлдар заводдордо жана лабораторияларда заттын суюк же көл­күлдөк эритиндисинен өстүрүлүп алынат (к. Кристаллдашуу). Кристаллдар табиятта салмагы жүздөгөн кгдан (мисалы, кварц, флюроит) эң майда өлчөмдө (миалы, алмаз) кезигет. Кристалл табигый татаал зат – белоктон, атүгүл вирустан да өстүрүлүүдө. Кристалл ра­диотехникада, жарым өткөргүчтүү квант элек­троникасында колдонулат.