КРИСТАЛЛ ФИЗИКАСЫ
КРИСТА́ЛЛ ФИЗИ– физиканын кристалл абалындагы заттардын, анизотропиялуу чөйрөнүн физикалык касиеттерин жана ал касиеттердин сырткы таасирлерден өзгөрүшүн изилдөөчү бөлүмү. Көптөгөн физикалык кубулуштар кристалл заттарга гана тиешелүү. Алсак, жарык нурунун кристаллда ача (2 багытка) сынышы, түз жана тескери пъезоэффекттер, электр оптикалык эффекттер ж. б. Кристалл физикасында кристаллдардын физикалык касиеттерин сандык жактан мүнөздөө үчүн матрицалык, тензорлук эсептөө жана группалар теориясы деген матемематикалык аппараттар колдонулат. Кристаллдардын касиеттери багыттарга көз каранды (анизотропия), бирок симметриялары эквиваленттүү багыттар боюнча бирдей. Ошого карабастан кээ бир касиеттери (мисалы, тыгыздык) багытка көз каранды эмес жана скалярдык чоңдуктар менен мүнөздөлөт. Кристалл физикасы катуу заттардын физикасын, кристалл химиясынын маселелерин изилдейт. Кристалл физикасында эң негизги орунду реалдуу кристаллдар физикасы ээлейт, башкача айтканда кристаллдагы ар түрдүү дефектилердин (чекиттик дефектилер, вакансиялар, дислокациялар ж. б.) кристаллдардын физикалык касиеттерине тийгизген таасирлерин үйрөтөт.