КРИСТАЛЛ ОПТИКАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:07, 6 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРИСТАЛЛ ОПТИКАСЫ – оптиканын жана кри­сталл физикасынын чектеш тармагы; ал жарык­тын кристаллдагы таралуу законун изилдейт. Кристалл оптикасы кристаллдагы жарык нурунун кош сыны­шын, жарыктын уюлдануусун (полярлануусу), уюлдануу тегиздигинин айланышын, таралуу багытына жараша анын түсүнүн өзгөрүшүн (плео­хроизм) ж. б. кубулуштарды үйрөтөт. Жарык­тын кристаллда жутулуусун ж-а кристаллдын жарыкты нурдантуусун кристалл спектроско­пиясы, электр ж-а магнит талаасы­нын кристаллдын оптикалык касие­тиине тийгизген таасирин, электр оптикасы ж-а маг­нит оптикасы изилдейт. Крис­талл торчосунун

параметри (–10Е) көзгө көрүнгөн жарык нуру­нун толкун узундугунан (4000–7000Е) алда канча кичине болгондуктан, кристалл бир тектүү, би­рок анизотроптуу чөйрө катары каралат. Жа­рык кристаллда бардык тарапка бирдей ылдам­дык менен тараса, анда мындай чөйрө изотроптуу чөйрө деп аталат. Кристаллдын оптикалык ани­зотропия касиети бөлүкчөлөрдүн өз ара аракет этүү күчтөрүнүн талаасынын анизотропиясына байланыштуу. Бул талаанын мүнөзү кристалл­дын симметриясына көз каранды. Кубдук крис­таллдан башка кристаллдар анизотропиялык касиетке ээ. Жаратылышта кезигүүчү турмалин кристаллын жарык нурунун жолуна тоскондо жарык нуру уюлданат. Жарык нуру бир октуу кристаллдан өткөндө уюлданып, өз ара тик эки нурга ажырайт. Кристаллдын башкы тегизди­гине тик болгон нур кадимки нур, ал эми тегиз­дик боюнча термелген электр термелүүсү кадимки эмес нур деп аталат. Кандай гана шарт болбо­сун кадимки нур бардык багыт боюнча бирдей ыл­дамдыкта таралат да, сынуу көрсөткүчү турук­туу болот. Ал эми кадимки эмес нурларда, тес­керисинче, сынуу көрсөткүчү (n) жарыктын та­ралуу багытына жараша өзгөрөт (n const). Кристалл оптикасынын ыкмалары уюлдашкан жарыкты алууда ж-а талдоодо, оптикалык затворду, модулятор­ду ж. б. жасоодо колдонулат.

Ад.: Шубников А. В. Основы оптической кристалло­графии. М., 1958; Константинова А. Ф., Гречушников Б. Н., Бонуть Б. В., Валашков Е. Г. Оптические свойства кристаллов. Минск,1995.