КРИПТОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:28, 6 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРИПТО́Н (лат. Kryptonum), Kr – элементтер­дин мезгилдик системасынын VIII тобунда орун алган химиялык элемент. Асыл газдарга кирет, атомдук номери 36, атомдук массасы 83,80. 1898-ж. англиялык химиктер У. Рам­зай менен М.Траверс ачкан. Криптон түссүз, жытсыз газ.
Атмосферада 3.104% болот (көлөм боюнча). Криптон 6 изо­топтун аралашмасынан турат: окистенүү дара­жасы +2. Криптондун молекуласы бир атомдон ту­рат. Тыгыздыгы 3,745 г/л3, эрүү t – 157,1°С, кай­ноо t –153,2°С. Суюк абалындагы тыгыздыгы 2,472 г/см3, ал эми катуу абалында 3,100 г/см3. Катуу криптон кубдук кристаллдык торчону, суу жана органикалык заттар менен клатраттарды пайда кылат. Криптондун фтор (KrF2), фенол, хлороформ ж. б. менен бирикмелери алынган. К. өндүрүштө абадан алынат. 85Kr радиоактивдүү изотобун –-нурун алуучу булак катары медицинада, индикатор катары коррозияны изилдөөдө ж. б-да колдо­нулат. Андан сырткары криптон электр вакуум тех­никасында, ысытылып жарык берүүчү лампа­ларды, түстүү жарнама түтүктөрүн (ак түс) тол­турууда да колдонулат. Кᒰриптон болоттон жасалган баллондо 5–10 МПа басым астында сакталат.