КРЕТИНИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:43, 6 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРЕТИНИ́ЗМ (фр. cretinisme, cretin – келесоо, кем акыл) – калкан сымал бездин функциясы­нын бузулушу, психика жана өсүүнүн токтолушу менен мүнөздөлгөн оору. Көбүнчө тоолуу жерде көп кездешет. Кретинизм сууда, тамак-ашта йоддун табигый аздыгынан (экзогендик) жана анын эндогендик жетишсиздигинен келип чыгат. Аны менен оору­ган адамдын колу, буту, манжалары кыска, бут­тары ийри, алаканы жазы, башы тоголок, маң­дайы жапыз, бети шишимик, мурду кайкы, ку­лагы узун, тили жазы, тиши майда, териси куба, кургак, калкан сымал бези чоңойгон, дене темп­расы төмөн болот. Зат алмашуусу бузулуп, на­чар угат, жыныс мүчөлөрү жетилбейт, Дарылоо­до калкан сымал бездин гормону колдонулат. Алдын алуу үчүн суу, тамак-ашка йод кошуу зарыл.