КРЕМНИЙ
КРЕ́МНИЙ (лат. Silicium), Si – элементтердин мезгилдик системасынын IV тобунда жайгашкан химиялык элемент, ат. н. 14, атомдук массасы 28,086. Табиятта үч изотоптун аралашмасынан турат: 28Si, 29Si жана 30Si. Кремнийдин майда күкүмдөрү боз, ири кристаллдары күңүрт кара. Табиятта таралышы боюнча 2-орунда (кычкылтектен кийинки) турат. 1825-ж. Берцелиус фтордуу кремнийди SiF4 калий менен калыбына келтирүүдөн жаңы элемент ачып, аны силиций деп атаган. Жер кыртышындагы кремнийдин 12%и SiO2 – кремнезём, 75%и татаал кычкылтектүү бирикмелери (чопо, талаа шпаты, сланец, слюда ж. б.) түрүндө кездешет. Кристаллдык кремний – тыгыздыгы 2,33 г/см3, балкып эрүү t 1417°С ж-а кайноо t 2600°С болгон катуу зат. Кремний көпчүлүк бирикмелеринде IV валенттүү: SiH4, SiF4, SiO2, Si3N4 ж. б., II валенттүү да SiО боло алат. Кычкылтек м-н кремний кош оксидин SiO2, оксидин SiO, галогендер м-н галогениддерди SiХ4, суутек м-н силандарды SinH2n+2 (жалпы формуласы), металлдар м-н силициддерди – кыйындык м-н эриген заттарды пайда кылат. Бөлмө температу расында майдаланган кремний м-н фтор гана реакцияга кире алат: Si + 2F2 = SiF4. Кремний хлор м-н 400–600°Cде, көмүртек ж-а азот м-н өтө жогорку температурада аракеттенет. Кадимки шартта кремнийге кислоталар таасир этпейт. Кремний щелочтор м-н аракеттенип, суутекти ж-а силикаттарды пайда кылат: Si + 2NaOH + H2O = Na2SiO3 + 2H2. Кремний кычкылтек м-н –Si–O–Si–O– сыяктуу узун чынжырларды пайда кылган туруктуу бирикмелери кеңири таралган. Мисалы, табигый ж-а синтез жолу м-н алынган силикаттар. Анын молекуласында ар бир кремний атому төрт кычкылтек атому м-н жөнөкөй байланыш түзөт. Ошол эле учурда ар бир кычкылтек атому кремнийдин эки атому м-н байланышат. Натыйжада полимердик түзүлүштөгү химиялык бирикме – SiO2 пайда болот. Ал – кыйындык м-н эрүүчү, кадимки шартта катуу зат. Кремнийдин 95–98% техникалык түрү арзан сырьё –кремнезёмду (SiO2) жогорку темп-рада көмүртек м-н калыбына келтирүүдөн алынат: SiO2+2C =Si+2CO. Ал эми өзгөчө таза кремний алуу үчүн техникалык кремний жеңил учма бирикмелерге SiCl4, SiI4 ж. б. өткөрүлөт да, бир нече жолу буулантуу ж-а муздатуудан кийин тазаланган бирикме жогорку температурада суутек же чаң түрүндөгү цинк м-н калыбына келтирилет. Кремний жарым өткөргүч техникада, электроникада, электр-техникасында негизги материал катары кызмат кылса, күн батареясы катары космос кемелерин электр энергиясы м-н камсыз кылат. Чоюн ж-а болотко алардын механикалык касиеттерин жакшыртуу үчүн кошулат. Карборунддан SiC жасалган кайрак таштар катуулугу огюнча алмаздан кийин турат. Кремнийдин оргганикалык бирикмелеринен жасалган материалдар жогорку температурага чыдамдуу, электр изолятору катары суу чөйрөсүндө да мыкты касиеттерге ээ. Кремнийдин органикалык бирикмелеринен алынган майлоочу майлар өтө жогорку ж-а өтө төмөнкү температурада баштапкы касиеттерин өзгөртпөстөн сактап калат. Мындай майлар – 20–30 км бийиктикте учкан реактивдүү самолёттордун кыймылдаткычтарын майлоо үчүн алмашкыс материал.
Ад.: Кремний и его сплавы. Екатеринбург, 2005.
А. Сүйүнбекова.