КУДАЙБЕРГЕНОВ Ташмуканбет
КУДАЙБЕРГЕНОВ Ташмуканбет [1886, Пишпек уезди, Жедигер кыш. (азыркы Кант р-ну) – 1957, ошол эле жер] – сов. жана парт. кызматкер. Пишпектеги орус-тузем мектебинен окуп, Кырг-ндагы 1916-жылкы көтөрүлүшкө катышкан. 1917-ж. «Букара» союзун уюштургандардын бири. 1917–18-ж. солчул эсерлердин партиясына мүчө болгон. «Шура-и Ислам» уюмунун Пишпектеги шааркомунун секретары (1918, май-декабрь), Кызыл Армиянын жоокери, Пишпек шаардык комиссариатында улут иши бөлүмүнүн башчысы, Түрк фронтунун рев-ячыл трибуналынын мүчөсү, 1918–21-ж. 1-Пишпек атчандар полкунда командирдин жардамчысы 1921-ж. РКП(б)нин 10-съездине делегат болуп шайланган. Кронштадт козголоңун басууга катышканы үчүн Кызыл Туу орденин алган. 1921-жылдары Нарын уезддик ревкомунун, Пишпек уезддик к-тинин «Кошчу» союзуна төрага болуп, Жети-Сууда жер-суу реформасын жүргүзүүгө зор салым кошкон. 1922–23-ж. Пишпек шааркомунун жооптуу секретары. Ушул жылдары жаатташуу күрөшүнө аралашканы үчүн партиядан чыгарылып, көп узабай эле партиялуулугу кайра калыбына келтирилген. 1923–25-ж. Каракол, Нарын уезддик, Фергана обл. аткомдорунда иштеген. 1925-жылдан Пишпек шаардык кылмыш издөө бөлүмүнүн башчысы, обл. соттун төрагасынын орун басары, О. Азия бюросуна жана РКП(б) БКга арыз менен кайрылган 30 адамдын бири болгон. 1927-ж. Кыргыз АССР Советтеринин 1-Уюштуруу съездинде БАКтын мүчөсү, 1- сессиясында респ-нын юстиция эл комиссары жана прокурору болуп шайланган. 1930-ж. «кызмат абалын кыянат пайдаланган» деген айып менен 5 жылга эркинен ажыратылган. Ден соолугуна байланыштуу 1931-ж. 25-июлда поселениеге Ташкент ш-на которулуп, ал жакта 1937-ж. чейин иштеген. 1937-ж. «партияга каршы ишмердиги үчүн» деген айып менен 10 жылга кесилген. 1947-ж. август айында бошонуп, 1948-ж. кайрадан камакка алынып, 1949-ж. сүргүнгө, Красноярскге айдалган. 1954-ж. акталган.