КӨБҮҮ
КӨБҮҮ – айлана-чөйрөдөн суюктукту же бууну сиңирип алуудан катуу заттардын көлөмүнүн же массасынын чоңоюшу. Кобуу чектүү ж-а чексиз болуп бөлүнөт. Биринчисинде белгилүү көлөмгө жеткенде, кобуу токтолот ж-а көбүүчү өз келбетин сактайт, мисалы, гель сымал ион алмашуучу чайырлар сууда, жумшартылган каучук бензолдо чектүү көбөт. Экинчи учурда полимер м-н суюктуктун өз ара диффузиясынын натыйжасында фаза аралык чек жоюлуп, кобуу полимердин толук эрип кетүүсү м-н аяктайт. Кээде чектүү температуранын жогорулашы м-н чексиз кобуугө өтөт. Кобуутехникада, турмуш-тиричиликте кенен колдонулат.