КЕРЕЗБЕКОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:28, 4 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРЕЗБЕКОВ Канат (29. 01. 1970, СССР, Кыргыз ССРи, Нарын облусу, Жумгал району, Жумгал айылы) –

юридика илимдеринин доктору (2008), Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи (2009). 1993-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетин бүтүргөн. 1992–1996-жылдарда ил­имий-өндүрүштүк «Элдос ЛТД» фирмасында юрист­-консультант, 1996–99-жылдарда КР УИАнын филосо­фия жана укук институтунда илимий кызматкер, улук илимий кыз­маткер, бөлүм башчысы, 1999–2005-жылдарда КМУда оку­туучу, доцент, кафедра баш­чысы, 2001–2002-жылдарда КМУда юридика институтунун директо­рунун орун басары, дирек­тордун милдетин аткаруучу, 2005-жылдан Кыргыз Республикасынын Өкмө­түнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын ректору. КРдин Де­мократиялык, Жер кодекстери ж. б. мыйзам актыла­рынын, КР УИА, Ипотека, Третейский суд жана КРдин жер-агрардык реформасы боюнча мыйзамдардын пакетин иштеп чыгуучулардын бири. 2017–2021-жылдары Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. «Кыргыз Республикасынын жер укугу», «Третейский суд», «Укук таануу» окуу куралдарын даярдоо боюнча автордук жамааттын жетекчиси, «Кыргыз Республикасынын массалык маалымат кара­жаттары жана укук» окуу куралына авторлош. 80ден ашуун илимий макалалардын автору. «Даңк» медалы менен сыйланган.