КАРКЫРА ЖАРМАҢКЕСИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:15, 3 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРКЫРА ЖАРМАҢКЕСИ – XIX кылымдын 2-жары­мы – XX кылымдын башындагы Жаркент жана Прже­вальск (азыркы Ысык-Көл облусу) уезддерине ти­йиштүү Каркыра жайлоосундагы Каркыра өзө­нүнүн боюнда (азыркы Алматы облусу, Кеген оода­ны) июнь, июль, август айларында өткөрүлчү соода-сатык. Бул жерге орус өкмөтү тарабынан атайын үйлөр тургузулган. Жарманкесин Кы­тай, Россия жана Борбордук Азиянын (өзбек, тажик, түркмөн, казак, кыргыз) соодагерлери товарла­рын, Кеген, Каркыра, Ийри-Суу, Кең-Суу аймак­тарын жайлаган элдер малын сатып, азык-­түлүк, кийим-кечек жана башкаларды алышкан.