КАТАГАН
КАТАГАН – байыркы түрк урууларынын бири. Катагандардын келип чыгышы, таралышы жөнүндө кеңири илимий изилдөөлөр жүрө элек. Оозеки санжыра (мисалы, катагандын хан Турсун) жана эпостордогу (катагандын хан Кошой) кээ бир маалыматтарга салыштырып, аларды кыргыз эли менен тектеш жана байыртадан бери кошуна жашап келген деп кароого болот. 20-кылымдын орто чендеринде С. Абрамзон катагандар негизинен аз сандуу болуп, Чыгыш Түркстандагы Кебез-Тоо, Муз- Бел, Чөп-Бел деген жерлерде чогуу турушканын, кыргыз тилинде сүйлөшөрүн жана каада-салты (ат чабыш, улак тартыш, эр эңиш ж. б.) да окшоштугун белгилеген. Катагандар алгачкы жолу Рашид ад-Диндин эмгегинде эскерилген. Азыркы учурда кыргыздардын ичиндеги чекир саяк уруулар тобуна кирет, бирок байыркы катаган уруусунун калдыгы болуп саналбайт. Санжыра боюнча (Тоголок Молдонун санжырасы) Эшим хан катагандын ханы Турсунду чаап (бул окуя жөнүндө Абу-л-Гази хан да эскерген), анын кызын чекир саяк Түгөлбайдын уулу Маңгытка алып берген жана ал кыздан туулган Казыгул, Сүйөркул, Эсиркемиштин тукуму катаган деп аталат, башкача айтканда аларга жээн катары таанылат. Кыргызстандан тышкары Орто Азиянын айрым республикаларында да кезигет.