КАРЫПКУЛОВ Аманбек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:52, 3 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРЫПКУЛОВ Аманбек [19. 06. 1939, СССР, Кыргыз ССРи, Фрунзе (азыркы Талас) облусу, Талас району, Кара-Суу айылы – 15. 10. 2008, Кыргызстан, Бишкек] – философ, партиялык жана мамлекеттик ишмер, философия илимдеринин доктору (1983), профессор (1994), Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги (2000), корреспондент мү­чөсү (1979), Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатын­дагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1998). Талас айыл­дык кесипчилик-техникалык окуу жайын (1957), Прже­вальск (азыркы Каракол) педагогикалык институтун (1962) бүтургөн. 1962–1964-жылдары Пржевальск педагогикалык институтунда окутуучу, 1967–1968-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин философия кафедрасында окутуучу, 1968–1973-жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин илим жана жогорку окуу жайлар бөлүмүнүн инструктору, бөлүм башчынын орун басары, 1973–1983-жылдары бөлүм­дүн башчысы, 1983–85-жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин секрета­ры, 1985–1986-жылдары Фрунзе (азыркы Бишкек) политехника институтунда илимий коммунизм кафедрасынын профессору, 1986–1992-жылдары Кыргыз педагогика илимий-изилдөө институтунун жетектөөчү жана башкы илимий кызматкери, 1992–1996-жылдары Кыргыз энцик­лопедиясынын башкы ре­дактору жана аны менен кошо 1994–1996-жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик «Акыл» концернинин башкармасынын төра­гасы,

1996–2001-жылдары Кыргыз Республикасынын улуттук телерадио комитети­нин президенти, 2001–2002-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин администрация башчысы, 2002–2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Түркия жана Македониядагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси, 2005–2008-жылдары Кыргыз-Россия Славян университетинин би­лим берүү жана маданият борборунун директору бо­луп иштеген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин бир нече жолу чакырылышынын депутаты, Кыр­гыз ССР Жогорку Советинин төрагасы (1985). 80ден ашуун илимий эмгектин (анын ичинде 8 монография) автору. Эмгектери негизинен өнүккөн социа­лизмдин маданий жактан өнүгүү маселесине, со­вет элинин калыптануусунда илимдин жана жал­пы билим берүүнүн ролуна арналган. 2 Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Эмг.: Народное образование в развитом социалисти­ческом обществе. Ф., 1982; Изучение русского языка и народное образование в Советской Киргизии (на англ. яз.). США, 1985; Өнүккөн социалисттик коомдо элге билим берүү. Ф., 1985; Интернациональное воспитание в средней школе в условиях обновления общества. Б., 1991.