КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЛИМГЕ ЭМГЕК СИҢИРГЕН КЫЗМАТКЕРИ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЛИМГЕ ЭМГЕК СИҢИРГЕН КЫЗМАТКЕРИ – ардак наам.
Алгач Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун 1940-жылы 17-декабрь жана 1970 -жылы 30-ноябрдагы жарлыгы менен белгиленген. 1991-жылга
чейин Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген кызматкери. Илим жана техника боюнча көрүнүктүү эмгектери, чарбалык жана социо-маданий курулуштагы
өзгөчө маанилүү илимий ачуулары жана ойлоп чыгаруулары, илимий-практикалык олуттуу ишмердиги
үчүн жана эл чарбасына, саламаттык сактоого, агартуу, илим, маданият жана искусствого илимий кадрларды, жогорку квалификациялуу адистерди даярдаган илимий кызматкерлерге берилет.