КАЗАК ХАНДЫГЫ
КАЗАК ХАНДЫГЫ (болжол менен 1456–1847) – казак элинин алгачкы мамлекеттик курамы. «Казак хандыгы» деген аталуу тарыхчылар тарабынан XX кылымдын акыркы чейрегинен баштап кабыл алына баштаган. Орто кылымдарга тиешелүү чыгыш жазма булактарында «Дешт-и Кыпчак» деген географиялык термин колдонулса, кийинчерээк «Казактардын (Казак) Улусу», «Жуучу Улусу», «Орус (1372–1374-жылдардагы Алтын Ордонун ханы) журту»; XV кылымдагы орус булактарында «Казат (Казацк, Казачья) Ордосу»; XVIII кылымда «Кыргыз (Киргиз)-Кайсак Ордосу»; XVI кылымдардагы моңгол булактарында «Тогмак», «Токмок» (Дешти-Кыпчактын моңголчо аталышы); европалык булактарда «Козакча Орда» («Kozaksche Orda», «Kassachy Horda», «Kasaki Orda», «Casatschia Orda») деген аталыштар менен да белгилүү болгон. XV– XVI кылымдардагы айрым чыгыш авторлору мурунку географиялык аймак боюнча «Дешт-и-Кыпчак», «Жуучу Улусу», ошондой эле жаңы хандыктарга байланыштырып «Өзбек (1313–1341-жылдардагы Алтын Ордонун ханы) Улусу», «Татар Улусу» ж.б. сыяктуу аталыштарды колдонушкан. Изилдөөчүлөрдүн ичинде Казак хандыгынын алгачкы калыптанышы тууралуу да бирдей көз караш жок. Казакстандык көпчүлүк тарыхчылар Мухаммед Хайдардын «Тарих-и Рашиди» деген эмгегине таянып 1465-жыл деп эсептешсе, айрым изилдөөчүлө (мис., Т. И. Султанов, А. Ш. Кадырбаев, Ж. М. Сабитов) Абулкайыр хандын өлгөн жылына (1468) байланыштырышат. Алардын пикиринде 1465– 466-жылдарда Жаныбек хан (Чыңгыз хандын тукуму Барак хандын уулу) бир тууганы Керей экөө Абулкайыр хандан (көчмөн өзбектер) бөлүнүп, Моголстанга көчүп кетиши Казак хандыгынын түзүлүшүнө өбөлгө түзгөн. Эсен-Бука хан аларга Чүй өзөнүнүн төмөн жагындагы Козу-Башы деген жерди берген. Абулхайр хан өлгөндөн кийин, анын улусу бириндеп, элинин көбү Жаныбек менен Керейге келип, алар «өзбек-казактар» деп атала баштаган. Керей, Бурундук, өзгөчө Касым хандарынын (1503/11–1518) учурунда калкы 1 млнго жеткен Казак хандыгы Дешт-и Кыпчакты кучагына алган. Тахир хандын (1523–1533) тушунда казактардын саны азайган жана ал бир нече жолу кыргыздарга келип, баш калкалоого аргасыз болгон. Мухаммед Хайдар Дулатинин эмгегинде Буйдаш хандын тушунда казактар (20 миң ) азайып, ал өлгөндөн кийин Моголстанда казак калбаганын жазган. Акназар (1538–1580), Шыгай (1580–1582/86), Тобокел хандардын (1586–98) тушунда Казак хандыгы калыбына келип, Эшим хандын (1598–1628/45) Турсунду (катаган ханы) жеңиши менен кайрадан күчүнө кирген. XVII кылымда көчмөндүү шартка ылайык Улуу, Орто жана Кичүү аталган үч жүзгө бөлүнүү жүргөн. 17–18-кылымдардагы Жуңгар хандыгынын чабуулдарынан Казак хандыгы чыгыш, түштүк-чыгыш аймактарынан ажыраган. Казак хандыгы 18-кылымдын аягы–19-кылымдын башында жүздөр өз алдынча дагы бир нече хандыктарга бөлүнгөн. Кенесары хандын өлүмүнөн (1847) кийин Казак хандыгы биротоло жоюлган.
Ад.: Вельяминов-Зернов В. В. Исследование о Касимовких царях и царевичах. СПб., 1864; Ахмедов Б. А. Государство кочевых узбеков. М., 1965; Левшин А. И. Описание киргиз-казачьих орд и степей. А., 1996; Мухаммед Хайдар Дулати. Тарих-и Рашиди. А., 1999; Кляшторный С. Г., Султанов К. И. Казахстан: летопись трех тысячелетий. Алма-Ата, 1992; История Казахстана (с древнейших времен до наших дней). В пяти томах. А., 2000.