КӨДӨӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:00, 30 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨДӨӨ , а к к ы л к а н – дан өсүмдүктөр тукумундагы көп жылдык чөп өсүмдүк уруусу. Көдөөнүн 300дөй түрү белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө 60тай, анын ичинде Кыргызстанда 21 түрү өсөт. Машакчасы жалгыз гүлдүү, машак түрпүлөрү ичке, сүйрү, узун кылкандуу; жалбырагы ичке көдөө кургак, кумдак, боздоң дөңдөрдө өсөт. Көдөө – баалуу тоют, айрыкча эрте жаздагы жаш чөбү малга жагым­дуу. Кыргызстанда кеңири таралган түрү – лессинг көдөөсү. Анын гектарынан 10–15 ц чөп алынат. 100 кг көк чөбүндө 30,8 тоют бирдиги, 4,3 кг сиңимдүү протеин болот. 100 кг кылкандуу көдөөдө 29,3 тоют бирдиги, 1,1 кг сиңимдүү про­теин бар.