КУАЛА-ЛУМПУР
КУА́ЛА-ЛУ́МПУР – Малайзиянын борбору, шаар. Федерация аймагы статусуна ээ. Селангор штатынын адм. борбору. Малакка ж. а-нын түш.-батыш бөлүгүндө жайгашкан. Калкы 1,5

млн (2009; шаар агломерациясында 7,6 млн). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорттору бар. К.-Л-дун деңиз аванпорту Келанг (2007-ж. 133,5 млн т жүк ташылган). Өлкөнүн экон., саясий, ил. жана маданий ири борбору. Кытай калай казуучулары тарабынан 1857-ж. негизделген. 19-
к-дын 80-жылдарында шаарга айланган. 1946–
57-ж. Англия ээлиги Малайя Союзунун (1948–
57-ж. Малайя Федерациясы), 1957–63-ж. көз каранды эмес Малайя Федерациясынын, 1963-жылдан Малайзиянын борбору. 2001-ж. К.-Л. «улуттук жана мыйзам чыгаруучу борбор» статусун алган. Металл иштетүү, жыгаччылык, тамакаш ө. ж. ишканалары иштейт. Каучук иштетилет. К.-Л. өлкөнүн информ. технологиясынын башкы борбору. Ири 40 авиакомпания (а. и.
«Malaysia Airlines», туристтик маршруттарга адистештирилген) иштейт. Дүйнөдөгү эң бийик имарат Эгиз мунара же Петронас комплекси (бийикт. 452 м, 88 кабат) ушул шаарда жайгашкан. Анда көпүрө (48-кабатта), телемунара (421 м; бийикт. б-ча дүйнөдө 4-орунда), айланып жүрмө ресторан, обсерватория бар. Чаньцзясы кытай храмы, Масжид Жамек мечити (индимоңгол стилинде), Шри-Махамариамман индуисттер храмы, Дайябуми комплекси (араб-византия стилинде), готика стилиндеги Ыйык Мария чиркөөсү, султан Абдул Самаддын ак сарайы (саат мунарасы менен, бийикт. 30 м), Истана Негара (Малайзия королунун расмий резиденциясы), Чайнатаун, табигый парктар (а. и. орхидея, гибискус өстүрүлүп, көпөлөк, куштар жана эликтер мекендейт) сакталган. К.-Л-дан түндүктө дүйнөдөгү эң ири Бату-Кейвс үңкүр храм комплекси (1891; бийикт. 47 м скульптурасы менен) жайгашкан. Бул жерде жыл сайын «Тайпусам» (диний) фестивалы өткөрүлүп турат. Ун-ттер (а. и. эл аралык ислам), ИИИлер, улуттук жана калк китепканалары, театрлар, музейлер (Мэйбанка нумизматика, каучук), сүрөт галереясы (кол өнөрчүлөрдүн эң баалуу буюмдары, калай идиштер) бар. Шаарда эл аралык ар кандай турнирлер, «Формула-1» авто жана моторлуу кайыктар жарышы өткөрүлүп турат. Туризм өнүккөн.
Р. Карачалова.