КУДАШЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУДА́ШЕВ Сайфи Фаттахович (жашырын аты – Сайфи Кудаш) [21. 9(3. 10). 1894, азыркы Баш­кырт АССРи, Чишмин р-ну, Кляшев айылы – 29. 6. 1993, Уфа] – башкырт совет акыны, Баш­кырт эл акыны (1964). Чыг-лыгы 1913-жылдан башталган. Ал чыгармаларын татар, орус тил­деринде жазган. К.– «Эркиндик ыры» (1917), «Соко ыры» (1926), «Күрөш каарманы» (1928), «Жүрөгүм менен» (1956), «Менин бакчамда» (1964) ж. б. ыр жыйнактардын, «Октябрь», «Ус­таканада» (1920), «Кат» (1930) поэмаларынын, «Кушкаен» (1936) деген ыр менен жазылган ро­мандын жана «Унутулгус мүнөттөр» (1957) аттуу мемуардык китептин автору. К-дин ад-т таануу б-ча да эмгектери бар. Башкырт АССР Жогорку Советинин депутаты (1947–63). Ленин ордени, башка 4 орден менен сыйланган.