КУДАЙБЕРДИЕВ
КУДАЙБЕРДИЕВ Ташбек (8. 8. 1939-ж. т., Ош обл., Кара-Суу р-ну, Жоош айылы) – театр артисти, КРдин эл арт. (1997). Ташкенттеги А. Н. Островский атн. Театрдык ин-тту бүтүргөн (1963). 1963-ж. Кыргыз фи-

лармониясында, 1964-ж. М. Рыскулов атн. Нарын муз.-драма театрында, 1974- жылдан Барпы атн. Ош драма театрында иштеген. К. көрүүчүлөрдүн купулуна толгон түрдүү мүнөздөгү ролдорду аткарган: Бобчинский (Н. Гоголь, «Текшерүүчү»), Скалозуб (А. Грибоедов, «Акылдан азап»), Атакан (Б. Жакиев, «Миң кыял»), Жарылгап (М. Ауэзов, «Каракөз»), Жанчархан, Чындыкбай, Түлкүбаев (Т. Абдумомунов, «Алдар көсө», «Ашырбай», «Тар капчыгай»), Киркирек (В. Вишневский, «Оптимисттик трагедия») ж. б. кейипкерлердин образын чебер жараткан.