КУДАЙБЕРГЕНОВ Төрөбай Тургунбекович
КУДАЙБЕРГЕНОВ Төрөбай Тургунбекович (8. 3. 1948-ж. т., Талас обл., Кара-Буура р-ну, Бакайыр айылы) – химия илимд. кандидаты (1985), проф. (2001), КРдин Илим жана техника б-ча мамл. сыйл. лауреаты (2000). КМУну (1972), Кыргыз ССР ИАнын Орг. эмес жана физ. химия ин-тунун аспирантурасын (1976) бүтүргөн. 1966– 67-ж. орто мектепте жана 1972–76-ж. КМУда мугалим, 1976–80-ж. КРдин УИАнын Орг. эмес жана физ. химия ин-тунда кенже ил. кызматкер, КАУда ассистент, улук окутуучу, доцент, 1996-жылдан кафедра башчысы, 2004–09-ж. ин-ттун директору. 2009-жылдан кафедра башчы, химия, хим. технология жана химияны окутуу ыкмасы б-ча адис. «Ордо» оюну б-ча КРдин эмг. сиңирген машыктыргычы. КРдин «Ордо» федерациясынын президенти. 90дон ашык ил. эмгеги, а. и. 1 монография, 8 окуу китеби бар.
Эмг.: Электроэрозионный синтез карбидных соединений металлов подгруппы хрома. Ф., 1989; Химия боюнча лекциялар жыйнагы. Ф., 1991; Жалпы химия жана элементтердин химиясы. Б., 1994; Жалпы химия (авторлош). Б., 1998. Физколлоиддик химия. Б.,
2004, Жалпы химия. Б., 2007.