КУДАЙБЕРГЕНОВ Ташмуканбет

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:59, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУДАЙБЕРГЕНОВ Ташмуканбет [1886, Пишпек уезди, Жедигер кыш. (азыркы Кант р-ну) – 1957, ошол эле жер] – сов. жана парт. кызматкер. Пиш­пектеги орус-тузем мектебинен окуп, Кырг-нда­гы 1916-жылкы көтөрүлүшкө катышкан. 1917-ж. «Букара» союзун уюштургандардын би­ри. 1917–18-ж. солчул эсерлердин партиясына мүчө болгон. «Шура-и Ислам» уюмунун Пиш­пектеги шааркомунун секретары (1918, май-де­кабрь), Кызыл Армиянын жоокери, Пишпек шаардык комиссариатында улут иши бөлүмүнүн башчысы, Түрк фронтунун рев-ячыл трибуна­лынын мүчөсү, 1918–21-ж. 1-Пишпек атчандар полкунда командирдин жардамчысы 1921-ж. РКП(б)нин 10-съездине делегат болуп шайлан­ган. Кронштадт козголоңун басууга катышка­ны үчүн Кызыл Туу орденин алган. 1921-жыл­дары Нарын уезддик ревкомунун, Пишпек уезд­дик к-тинин «Кошчу» союзуна төрага болуп, Жети-Сууда жер-суу реформасын жүргүзүүгө зор салым кошкон. 1922–23-ж. Пишпек шааркому­нун жооптуу секретары. Ушул жылдары жаат­ташуу күрөшүнө аралашканы үчүн партиядан чыгарылып, көп узабай эле партиялуулугу кай­ра калыбына келтирилген. 1923–25-ж. Каракол, Нарын уезддик, Фергана обл. аткомдорунда иш­теген. 1925-жылдан Пишпек шаардык кылмыш издөө бөлүмүнүн башчысы, обл. соттун төрага­сынын орун басары, О. Азия бюросуна жана РКП(б) БКга арыз менен кайрылган 30 адамдын бири болгон. 1927-ж. Кыргыз АССР Советтери­нин 1-Уюштуруу съездинде БАКтын мүчөсү, 1- сессиясында респ-нын юстиция эл комиссары жана прокурору болуп шайланган. 1930-ж. «кыз­мат абалын кыянат пайдаланган» деген айып менен 5 жылга эркинен ажыратылган. Ден соолу­гуна байланыштуу 1931-ж. 25-июлда поселениеге Ташкент ш-на которулуп, ал жакта 1937-ж. чейин иштеген. 1937-ж. «партияга каршы иш­мердиги үчүн» деген айып менен 10 жылга кесил­ген. 1947-ж. август айында бошонуп, 1948-ж. кайрадан камакка алынып, 1949-ж. сүргүнгө, Красноярскге айдалган. 1954-ж. акталган.