КУГУЛЬТИНОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:59, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУГУЛЬТИ́НОВ Давид Никитич (13. 3. 1922, Калмакстан, Гахан-Абганара айылы – 17. 6. 2006, Элиста) – калмак совет акыны, Калмак­стан эл акыны (1969). Москвадагы М. Горький атн. Ад-т ин-тун бүтүргөн (1960). Чыг-лыгы 1936- жылдан башталган. Алгачкы ырлар жыйнагы «Жаштык ырлары» деген ат менен 1940-ж. жа­рыкка чыккан. К. – «Сүйүү жана согуш» (1957), «Маобит туткуну» (1958), «Сар-Герел» (1963–64) ж. б. поэмалардын, «Тур­муш жана ой жүгүртүү»

(1963–67), «Жылдар» (1939– 67), «Ситара Девинин бийи» (1969), «Жакын жана алыс» (1972), «Курак» (1973) ж. б. ыр циклдеринин автору. «Мен курбалыңмын» (1966) ыр жыйнагы үчүн М. Горь­кий атн. РСФСР мамл. сыйл. (1967), «Апрель чакырыгы» деген ыр китеби үчүн СССР мамл. сыйл. (1976) алган. К. чыг-лыгын баштагандан эле өзүн ро­мантик акын катары тааныткан. К-дун айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган. Эм­гек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.