КУБАТТУУЛУК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУБАТТУУЛУК – аткарылган жумуштун ошол жумушту аткарууга кеткен убакытка болгон катышы менен ченелүүчү физ. чоңдук; системанын энерг-лык мүнөздөмөсү. Эгер жумуш бир калып­та аткарылса, анда К. N= A/t формуласы менен берилип, мында A – жумуш, t – жумуш атка­рылган убакыт секунда менен, N – К. К. бир­диктер системасында ватт (Вт) менен өлчөнөт. 1 Вт= 1 Дж/1 сек. 1 секда 1 Дж жумуш атка­рылса 1 Втка барабар. Техникада ат күчү (а. к.) бирдиги колдонулат.