КУБА РЕВОЛЮЦИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУ́БА РЕВОЛЮЦИЯСЫ – элдик, антиимпериа­листтик жана антифеодалдык рев-я (1956–59). Рев-янын чыгышына ири жер ээлеринин зом­булугу, элдин жакырланышы, укуксуздугу, улуттук экономикага АКШнын капиталынын кысымы ж. б. себеп болгон. Куба коомундагы карама-каршылык Батистанын коррупция дик­татурасы орногондон кийин (1952) өзгөчө күч алган. Ушундай шартта Ф. Кастро Рус жетек­теген жаштар тобу 1953-ж. 26-июлда Монкада аскер казармасына (Сантьяго-де-Куба ш.) кол салып, жеңишке жетпей, камакка алынган. Андан бошонгондон кийин (1955) алар Мекси­кага эмиграцияга кеткен. 1956-ж. декабрда Сьер­ра-Маэстра тоосунда Ф. Кастро, Р. Кастро жана аргентиналык Эрнесто Че Гевара башында тур­ган рев-ялык топ түзгөн партизандык отряд бара-бара армияга айланып, чабуулга өткөн. 1959-ж. 1-январда Батистанын өкмөтү кулап, Убактылуу өкмөт бийликке келген. 1959-ж. фев­ралда рев-ялык өкмөттүн башына Ф. Кастро кел­ген. К. р-нын натыйжасында латифундиялар системасын жойгон агр. реформалар жүргүзүл­гөн, а. ч-нда мамл. сектор түзүлгөн. АКШнын компаниялары менен жерг. ири жана орто буржуа­зиялардын жеке менчиктери мамлекеттештири­лип, өндүрүш каражаттарынын бардыгы элдик менчикке өткөн. Рев-янын өнүгүү процессинде өлкөнүн бардык рев-ячыл күчтөрүнүн биримди­ги түзүлүп, Куба элинин бирдиктүү рев-ялык партиясы пайда болгон.