КУБ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУБ (гр. kebos, лат. cubus) – 1) грандары бири­бирине барабар 6 квадраттан турган тик бурч­туу параллелопипед. К. параллелопипеддин бар­дык кассиеттерине ээ. К-дун өз ара перпендику­ляр 12 кыры, өз ара перпендикуляр 3төн кыры келип кошулган 8 чокусу бо­лот. К. диагоналдары кесили­шип өткөн борб., 9 октук, 9 те­гиздиктик симметрияга ээ. Ка­рама-каршы жаткан грандары­нын борболору аркылуу өткөн түз сызык же бир гранда жат­паган карама-каршы эки кы­рынын ортолору аркылуу өткөн түз сызык К-дун симметрия огу болсо, каалаган эки сим­метрия огу аркылуу өткөн тегиздик К-дун сим­метрия тегиздиги болот. Кыры а болгон К-дун диагоналы a 3 , толук бети S =6а2, көлөмү V=a3деп табылат. К-га ичтен сызылган сфера­нын радиусу r=a/2 болсо, ага сырттан сызыл­ган сферанын радиусу R= a 3 ге барабар. К. кээ- 2 де туура гексаэдр деп да аталат. 2) а санынын үчүнчү даражасы a–a–a=a3 ошол сандын К-у деп аталат.