КСЕНОФАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:59, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КСЕНОФА́Н Колофонский (б. з. ч. 570-ж. че­йин, Афины – 478-жылдан кийин, Коринф) – байыркы грек акыны жана философ, элей мек­тебин негиздөөчү. Пародиялык «Силлаларын­да» антропоморфизмди сындаган. К. грек дини­нин антропоморфтук кудайларына келбети, акыл-эси б-ча адамга окшобогон кудайды кар­шы койгон.