КСЕНОЛИТТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КСЕНОЛИТТЕР (гр. xtnos – башка, чоочун жана lithos – таш) – магмалык тектердин ичине ку­рамы башка тектердин кирип калышы. Жер кыртышынын терең бөлүгүнөн көтөрүлүп келе жаткан магмага мурда пайда болгон тектердин кесек бөлүкчөлөрү аралашып, толук эрибей кал­са, биздин көзүбүзгө «жамаачы» сыяктанып кө­рүнөт. Ар кандай чоңдукта болот. Тоо тектер­дин пайда болуу жашын аныктоодо мааниси зор.