КРЮЧКОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:59, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРЮЧКО́В Алексей Степанович (17. 3. 1926, Орлов обл., Ульянов р-ну – 1989, Москва) – гео- лог, Кыргыз ССРинин мамл. сыйл. лауреаты (1976). Москва түстүү металлдар жана алтын ин-тун бүткөн (1948). Тажикстандагы Кансай ке­нинде геолог, улук геолог, начальник (1948–50), Ак-Түз кенинин башкы геологу, начальниги, директору (1953–57), Кыргыз тоо-кен комбина­тынын директору (1957–61), Кыргыз геология башкармасынын начальниги (1961–65). 1965- жылдан СССР геология министрлигинде сейрек жана түстүү металлдар башкармасынын началь­ниги болуп иштеген. Кыргыз ССРинин геоло­гия кызматына эмг. сиң. кызматкер, РСФСРдин эмг. сиң. геологу.
КРЮЧКОВ Николай Афанасьевич [24. 12. 1910 (6. 1. 1911), Москва – 13. 4. 1994, ошол эле жер] – орус совет актёру, СССР эл арт. (1965). 1928-ж. Москва ТРАМынын (Жумушчу жаштар театры) труппасына өткөн. Н. П. Хмелёв, И. Я. Суда­ков, И. А. Совченконун шакирти. 1930–40-жыл­дары шайыр замандаштарынын образын түзгөн: Андрей Сазонов («Комсомольск», 1938), Клим Ярко -

Н . А. Крю ч ков. « Т р акто рист те р» фильминде. 1939.

(«Трактористтер», 1939) ж. б. «Мылтык чан киши» (1938), «Яков Свердлов» (1940), «Кырк биринчи» (1956) ж. б. фильмдерде революцио­нердин, кызыл аскердин, партизандардын ро­лун чебер аткарган. 1950–60-жылдары каарман­дардын рухий дүйнөсүн терең ачкан бир нече дра­малык ролдордо ойногон («Ырайымсыздык», 1959; «Сот», 1962 ж. б.). Белгилүү ролдору: Кузь­ма Петров («Чочко баккан аял менен малчы»), майор Булочкин («Небесный тихоход»), Король­ков («Румянцевдин иши»), Неуеденов («Бальза­миновдун үйлөнүүсү»). СССР мамл. сыйл. (1941) лауреаты. Ленин ордени, башка 3 орден жана ме­далдар менен сыйланган.