КРЫМ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:59, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРЫМ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ(1945), Я л т а к о н ф е р е н ц и я с ы – экинчи дүйнөлүк согушта (1939–45) союздаш 3 мамлекеттин (СССР, АКШ жана Улуу Британия) өкмөт баш­чыларынын (И. В. Сталин, Ф. Д. Рузвельт, У. Черчилль), тышкы иштер министрлеринин, штаб начальниктеринин ж. б. кеңешчилердин И. В. Сталин, Ф. Д. Рузвельт жана У. Черчилль (оң­дон солго) СССР, АКШ жана Улуу Британиянын өк­мөт делегацияларынын мүчөлөрү менен Крым (Ялта) конференциясында, 1945.

катышуусу менен өткөрүлгөн конф-я. 4–11-феврал­да Ялтада (Крым) өткөн. К. к-на гитлердик Гер­манияны толук талкалоо максатында союздаш 3 мамлекеттин согуш пландары макулдашыл­ган, согуш бүткөндөн кийин бекем тынчтыкты жана эл аралык коопсуздукту уюштурууда союз­даштардын макулдашкан саясатынын негизги принциптери белгиленген. К. к-нын катышуучу­лары Германиянын кыңк этпей багынып бе­рүүсүнүн шартын ишке ашыруу жана жалпы сая­сат жөнүндө келишишкен. Үч мамлекеттин курал­дуу күчтөрү Германияда өзүнчө оккупациялык зонаны ээлейт деп макулдашылган. Үч мамле­кеттин башчылары германдык милитаризм менен улутчулдукту жок кылууну жана Германия келе­чекте тынчтыкты бузууга жол бербегидей гаран­тия түзүүнү билдиришкен. К. к. согушта союз­даш өлкөлөргө келтирген зыяны үчүн Германия­дан кун алуу керек деп тапкан. Элдердин орто­сундагы тынчтыкты сактоо максатында конф-я Бириккен Улуттар Уюмун (ООН) түзүү жөнүндө че­чимге келген. К. к. «Бошотулган Европа жө­нүндө декларация» кабыл алып, Польшанын чек аралары тууралуу бир катар чечимдер чы­гарг'ан. Жалпы тынчтыкты камсыз кылуу мак­сатында СССР К. к-нда Европада согуш бүтөрү менен 2–3 айдан кийин белгилүү шартта Япония­га каршы согушка кирүүгө макулдугун берген.


Ад.: Ялтинская конференция 1945: Уроки истории / Под. ред. А. Н. Яковлева и др. М., 1985.