КРЫМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:59, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРЫМ , К р ы м ж а р ы м а р а л ы – Чыгыш Европанын түш. бөлүгүндөгү жарым арал, Ук­раинанын курамында. Батышынан жана түштү­гүнөн Кара, чыгышынан Азов деңиздери, Керчь кысыгы менен чулганат. Материк менен кууш (8 км) Перекоп мойногу аркылуу туташат. Аянты 25,5 миң км2. Чыгыш бөлүгүндө Керчь, баты­шында Тарханкут ж. а. жайгашкан. Түн. бөлү­гүн түздүк (Талаа Крымы), түштүгүн (Тоолуу Крым) Крым тоолору (эң бийик жери 1545 мге че­йин) ээлейт. Крым тоолорунун түштүгүн этек­тей кууш тилке – Крымдын түштүк жээги созу­луп жатат. Айрым жерлеринде лакколиттер (Аюудаг тоосу), байыркы жанартоо массивдери (Карадаг) кездешет. Негизги кен байлыктары: темир (Керчь темир кенташтуу бассейни), таби­гый газ (түн., түн.-батышында), туз (Сиваш), акиташ, мергель ж. б., көлдөрүндө дары бат­как бар. Түн. бөлүгүнө мелүүн, кургакчыл, түштү­гүнө субтропиктик жер ортолук деңиздик кли­мат мүнөздүү. Январдын орт. темп-расы түндү­гүндө 1°С, түштүгүндө 4°С, июлдуку 24°С. Жы­лына түндүгүндө 300 мм, тоолоруна 1200 мм жаан-чачын жаайт. Чакан дарыялар (Кара, Бельбек, Кача, Салгир ж. б.), туздуу лиман көлдөрү (Сак ж. б.), Түн. Крым каналы бар. Түндүгүндө жана тоо этектерине коңур, кара, тоо­лоруна күрөң тоо-токой, яйлаларга кара, тоо­шалбаа топурактары мүнөздүү. К-дын түн. бөлүгүндөгү талаа негизинен айдалат. Тоолорун­да эмен, бук-граб токою, деңиз жээктеринде шибляк түрүндөгү бадал өсүмдүктөрү өсөт. Жээ­гинде Ялта, Мисхор, Алупка, Алушта ж. б. ку­рорт шаарлар бар. К. ж. а-нда Ялта, Мартьян тумшугу, Карадаг ж. б. коруктары, о. эле Крым корук-аңчылык чарбасы жана Никита ботан. багы уюшулган. 15–18-к-да Крым хандыгы ээлик кылган; 1783-ж. К. Россия империясына кошул­ган. Крым согушунда (1853–56) согуш талаасы­на айланган. 1918–54-ж. Россиянын, 1954-жыл­дан Украинанын курамында.


Ад.: Муратов М. В. Краткий очерк геологического строения Крымского полуострова. М., 1960; Кири­лов А. И. Удивительный полуостров. Симферополь, 1963; Подгородецкий П. Д. Крым. Природа: Справочное изд. Симферополь, 1988; Багрова Л. А., Боков В. А., Богров Н. В. География Крыма. К., 2001: Экология Крыма / Под ред. Н. В. Багрова, В. А. Бокова. Симфе­рополь, 2003.