КРЫЛОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРЫЛО́В Иван Андреевич (13. 2. 1769, Москва – 21 11. 1844, Санкт-Петербург] – орус жазуучусу, тамсилчи, Россия ИАнын мүчөсү (1811), Петер­бург ИАнын академиги (1841). Сатиралык «Поч­та духов» (1789) ж. б. жур-

налдарды чыгарган. «Кофе тарткыч» (1782), «Тентек­тер» (1787), «Филомела» (1788) ж. б. комедияларды жазган. К. орус ад-тында тамсил жанрын өнүктүргөн. К. «Модалуу дүкөн» (1807), «Кыздарга сабак» (1807) ж. б. комедиялары менен тааныл­ган. Ал «Карышкыр менен козу», «Чегиртке менен ку­мурска» ж. б. тамсилдеринде адамдардын жана коомдун кемчиликтерин ашкерелеген. Анын тамсилинин тилин А. С. Пушкин, А. С. Грибое­дов, Н. В. Гоголь ж. б. жазуучулар үлгү туткан. К-дун чыгармалары дүйнөнүн 50дөн ашык ти­лине (бир нече жолу кыргыз тилине) которул­ган. Кыргыз акын-жазуучулары (Тоголок Мол­до, Ж. Бөкөнбаев ж. б.) К-дун тамсилдеринин үлгүсүндө чыгарма жазышкан. Тамсилдерин кыргыз тилине А. Осмонов, Р. Шүкүрбеков ж. б. которгон.


Чыг: Полн. собр. соч. в 3 т. М., 1944–46; Тамсилдер.
Ф., 1973.


Ад.: Степанов Н. Л. И. А. Крылов. Жизнь и твор­чество, 2-е изд., М., 1969; Кровин В. И. Поэт и муд­рец. Книга об И. Крылове. М., 1996.