КРУЗЕНШТЕРН
КРУЗЕНШТЕ́РН Иван Фёдорович (Адам Иоганн) [8(19). 11. 1770, Ревель губерниясы, Хадуги мызасы – 12(24). 8.1846, Ревелге жакын Асс чарбагы] – орус деңиз саякатчысы, адмирал, океанограф. Аскер-деңиз академиясын уюштурган. Орус география коомун түзүүчүлөрдүн бири. Дүйнөнү айланган алгачкы орус экспедициясынын (1803– 06) начальниги. Алар «Надежда», «Нева» кемелеринде сүзүшкөн. Атлантика менен Тынч океандарындагы пассат аралык каршы агымдарды ачкан. Тынч жана И нди ок еа ндарында океаногр., метеорол. комплекстүү иштерди аткарган. Дүйнөлүк океандын тереңдигин системал у у и зи л дө ө гө жол салган. Алгачкылардан болуп Сахалин а-нын 1000 кмге жак ын жер ин картага түшүрүп,

Курил а-нын бир бөлүгүн сүрөттөп жазган. «Дүйнөгө саякат» үч томдугунун (1803, 1804, 1805 жана 1806) жана «Түштүк деңиздин атласы» 2 томдугунун (1823– 26) автору.
Ад.: Свердлов Л. М. Крузенштерн и Рязанов. М., 2006.