КРОНШТАДТ КОЗГОЛОҢУ
КРОНШТА́ДТ КОЗГОЛОҢУ (1921) – Совет бийлигине каршы куралдуу козголоң. 28-февраль – 18-мартта Кронштадтта xет элдик интервенттер жана ак гвардиячылар менен байланышкан эсерлер, анархисттер жана меньшевиктер чыгарышкан. Рев-ячыл моряктардын көбү жарандык согушка кетип, алардын ордуна дыйкан жаштарынын келиши, о. эле азык-түлүк чачымына жана «согуштук коммунизм» саясатына дыйкандардын жана айрым жумушчу бөлүктөрүнүн нааразылыгы себеп болгон. 1-мартта Якорь аянтындагы шаардык жалпы митингде козголоңчулар соода эркиндигин, комиссарлардын жоюлушун, солчул социал. партияларынын эркин иштешин жана Советтердин кайра шайлануусун талап кылышкан. Алар «Советтер коммунисттерсиз болсун!», «Бийлик коммунисттерге эмес, Советтерге!» деген ураандар менен чыгышкан. 2-мартта С. М. Петриченко жетектеген «Убактылуу революциячыл комитети» түзүлгөн. К. к-на каршы Совет бийлиги М. Н. Тухачевский жетектеген 45 миң кишиден турган 7-армияны жиберип, 18-мартта козголоң басылган.
Ад.: Семенов С. Н. Кронштадтский мятеж. М., 2003; Эврич П. Восстание в Кронштадте, 1921. М., 2007.