КРОМВЕЛЛ АГЫМЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:59, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРО́МВЕЛЛ АГЫМЫ – Тынч океандын чыгы­шындагы экватордук каршы агым. Батышты карай багытталган Түш. Пассат агымынын асты менен ага каршы (чыгышка) агат. Уз. (Жаңы Гвинея тушунан Галапогос а-на чейин) 15 миң км, туурасы 300 кмдей. К. а-нын ылдамдыгы экватордо 140–170 см/секга чейин; агымдын өзөгү кээде экватордон 100 кмге чейин алыстап кетет. Океандын батышында 200 м, чыгышын­да 50 м тереңдикте, пассат шамалы басаңдаган­да океан бети менен агат. Суусунун чыгымы 25– 40 млн м3/сек. Амер. океанолог – Т. Кромвелл­дин ысмынан аталган.