КРИСТАЛЛ ГИДРАТТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРИСТАЛЛ ГИДРАТТАР – курамында суунун молекуласы бар кристалл. Кээ бир туздар, к-талар жана негиздер суу эритмелеринен К. г. түрүндө чөгөт. Жаратылышта көпчүлүк мине­ралдар – К. г. (мис., гипс СаSО4–2Н2О, карнал­лит МgCI2–КСl–6Н2О ж. б.). К. г-ды ысытуу менен андагы кристаллдашкан сууну бөлүүгө болот. Кээ бир бирикмелер К. г. түрүндө гана туруктуу (мис., ВеС2О4–Н2О), суусун бөлсө ажырап кетет.