КРИСТАЛЛДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:59, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРИСТАЛЛДАР (гр. krestallos – муз) – атомдо­ру же молекулалары иреттүү, мезгилдүү крис­талл торчону түзгөн, табигый формасы туура көп грандыкка ээ катуу заттар. Тең салмактуу шартта өстүрүлгөн К-дын атомдук түзүлүшү сим­метриялуу болгондуктан, анын тышкы форма­сы да симметриялуу, о. эле башка заттардан негизги айырмасы – ани-

зотропия касиетине ээ. Кристалл торчонун фор­масы б-ча К-дын симмет­ри яс ын жана с инг ония түрүн аныктоого болот.
К. – катуу нерселердин тең с алмактуу абалы. Белгилүү темп-рада жана басымда кристалл аба­лындагы ар бир затка белгилүү атомдук струк­тура туура келет. К-дын структурасы сырткы

Турмалин табигый кристаллдары.

шарт өзгөргөндө

өзгөрүшү мүмкүн. Көпчүлүк табигый жана тех. катуу ма­т ериалдар поли­кристалл б ол уп эсептелет, алар баш аламан жай­гашкан көптөгөн май да кр ис т ал л данчал арынан (кристаллиттерден) турат. Мис., тоотек, тех. ме­таллдар, металл куймалары. Ал эми түзүлүшү тийиштүү формадагы кристалл торчосундагы ай­рым заттын К-ы монокристалл деп аталат. Тех­никада жана ил. иштерде колдонулуучу түрдүү К. з-ддордо жана лабор-да заттын суюк же көл­күлдөк эритиндисинен өстүрүлүп алынат (к. Кристаллдашуу). К. табиятта салмагы жүздөгөн кгдан (мис., кварц, флюроит) эң майда өлчөмдө (мис., алмаз) кезигет. К. табигый татаал зат – белоктон, атүгүл вирустан да өстүрүлүүдө. К. ра­диотехникада, жарым өткөргүчтүү квант элек­троникасында колдонулат.