КРИОЛИТОЗОНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРИОЛИТОЗО́НА (крио–, гр. lithos – таш жана зона), л и т о к р и о с ф е р а – криосферанын жер кыртышындагы үстүнкү бөлүгү. Мында нөлдөн төмөнкү темп-ра басымдуу болгондук­тан, жер астындагы муздардын пайда болушу­на шарт түзүлөт. К-нын төмөнкү чегин 0°С темп­ранын изотермасы түзөт. Анын тереңдиги мелүүн кеңдиктерде бир нече мден, уюлга жакын ай­мактарда бир нече кмге чейин жетет. Терминди 1955-ж. орус тоң таануучусу П. Ф. Швецов кир­гизген (мурдараак сунушталган «түбөлүк тоң» термини менен бирдей мааниде колдонулат).