КРИЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:59, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРИЗ (фр. krise – капыстан кармоо ) – оорунун капыстан катуу кармашы. Ал гипертония оору­су, климакс мезгилинде, аба ырайы кескин өзгөргөндө, диета бузулганда, мээнин кээ бир ооруларында, гипертониялык К. оорулуунун кан басымы өтө жогорулаганда болот. Анда баш катуу ооруп, айланат, уйку качат, оорулуу тер­дейт, жүрөгү тез кагып, ооруйт, кусат, алы ке­тет, көзү караңгылайт, кулагы убактылуу ук­пай калат, аба жетишпей демигет, кан басымы абдан төмөндөп, өңү бозорот. Мээде кан айла­нуу убактылуу бузулганда да К. болушу мүмкүн. Анда баш ооруп, айланат, кусат, кол же бут чымырайт, сүйлөө начарлайт. Вегетатив К-инде артерия кан басымы туруктуу болбой өзгөрүлүп турат. Жүрөк ооруп, дем кыстыгат, калчылдап тердейт. Кээде ич ооруп, көпкөндөй сезилет, кекирет, көңүл айланып, кусат. Анын белгиле­ри байкалар замат врач чакыруу зарыл.