КРЕМНИЙЛҮҮ ТЕКТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:59, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРЕМНИЙЛҮҮ ТЕКТЕР , с и л и ц и т т е р – курамы кремнезём минералдарынан турган чөкмө тектердин тобу. Көбүнчө 50%тен ашык же бүт бойдон опал, халцедон, кварц минерал­дарынан турат. Ушуга жараша опалдуу, халце­дондуу, кварцтуу же аралаш түрлөргө бөлүнөт. Түзүлүшү микрокристаллдуу, өтө майда бүр­түктүү. Жаратылышта катмарларды же желвак түрүндөгү түзүлүштү пайда кылат. Пайда болу­шу б-ча хемогендүү (жеспилит, кремнийлүү туф), органогендүү (диатомит, радиолярит, спонголит) түрлөрдөн турат. Криптогендүү (опока, трепел ж. б.) түрлөрү да кездешет. Көпчүлүгүнүн пайда болушунда (яшма, гейзерит) жанартоо чөкмө­лөрү негизги ролду ойнойт. Халцедондуу, кварц­туу түрлөрү опалдуу тектердин кристаллдануу­сунан келип чыгат. Бор мезгилинен кийин пай­да болгондору опалдан, юра менен триастагылар халцедондон жана кварцтан, палеозойго чейинки­лери кварцтан турат. К. т. кендердин катарына кирет. Опалдуу тектер, кристобиолиттер (диа­томит, трепел, опока) портландцементке гидрав­ликалык кошунду катары, термоизоляцияда, курулуш иштеринде, нефть, тамак-аш, химия ө. ж-нда кеңири колдонулат. Кварцтуу, халце­дондуу түрлөрү курулуш ишинде, отко чыдам­дуу ж. б. кооз материалдарды даярдоодо пайда­ланылат.