КРЕМНИЙ КОШ ОКСИДИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:59, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРЕ́МНИЙ КОШ ОКСИДИ , к р е м н е з ё м, к р е м н и й а н г и д р и д и, SiO2 – кремнийдин кычкылтек менен бирикмеси. Б. эрүү t 11728°С, кайноо t 12590°С. Жаратылышта кварц, тридимит, кристобалит, китит, коусит минералдары түрүндө кездешет. Анын кристалл­дык модификациясынын түрлөрү көп, кварц минералы ж. б. түрүндө жер кыртышынын мас­сасынын 12%ин түзөт. Сууда, к-таларда (пла­вик к-тасынан башка), орг. эриткичтерде эри­бейт. Щелочтордо жакшы эрийт. Фтор, фтор­дуу суутек менен реакцияга кирет. Суу буусунун атм-сында кремний хлоридинин (SiCl4) буусун курамдык бөлүккө ажыратуудан (1100–1400°С) аморфтуу кремнезём пайда болот. Ал радиотех­никада, силикат ө. ж-да, айнек, фарфор, фаянс, карапа, силикат кыштарын, цемент ж. б. алуу­да колдонулат.