КРЕДИТ РЫНОГУ
КРЕДИ́Т РЫНОГУ – коомдук өндүрүүнүн үзгүлтүксүздүгүн жана натыйжалуулугун камсыздоо үчүн кредит ресурстарын аккумуляциялоочу, бөлүштүрүүчү жана кайра бөлүштүрүүчү рынок мамилелеринин түрү. К. р. – финансы рыногунун кредит сунуш кылган жана кредитке болгон бөлүгү. Ал акча, узак мөөнөттүү кредит финансы ортомчулар – (камсыздандыруу коомдору, ипотекалык жана инвестициялык банктар, инвестициялык фонддор катышат) рынокторунан түзүлөт. К. р-нун бардык бөлүктөрү проценттик үстөк менен байланышкан. К. р-нун негизги функцияларынын бири болуп инвестициялык каржылоо эсептелинет.